super.kg logo

Жалал-Абад облусундагы жол куруу иштери кызуу жүрүүдө (тизме)

 
Жалал-Абад облусу боюнча жолдорду салуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 27-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирип, жасалып жаткан иштерге кенен токтолгон.
Анда айтылгандай:
- №12 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кербен шаарынын Баетов көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү маанидеги Мукур-Итагар унаа жолунун 0-6-чакырымдар аралыгы оңдолууда.
- №22 Жол тейлөө ишканасы Сузак-Арал-Жийде унаа жолунда асфальт төшөө менен катар атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу жумуштарын аткарып жатат.
- №30 Жол тейлөө кызматы Бишкек-Ош жолунда тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери жүргүзүүдө.
- №31 Жол тейлөө ишканасы Калмак-Кырчын-Канжыга унаа жолу кеңейтип жатат.
- №38 Жол тейлөө тарамгы Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука жолунун 45-чакырымында арык (траншея) казуу иштерин аткарууда.
- Базар-Коргон районунун Чкалов айылындагы 3 чакырым жолго №50 Жол тейлөө ишканасы асфальт төшөөдө.
- Ал эми Ленин-Жол-Шайдан, Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери №51 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: