Бишкекте мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча жыйын өттү
Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча координациялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышы, радикализмдин алдын алуу, ошондой эле диний чөйрөдөгү жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдору жана учурдагы диний абал талкууланып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Дин комиссиясынын, Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Ленин РИИБинин, райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана диний кызматкерлер катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.