Окуучулар үчүн 285 миңден ашык окуу китеби басылып чыкты

Маалыматка ылайык, кыргыз тилдүү класстар үчүн 7-8-класстын окуучуларына Русский язык китептери жарык көрдү. Ошондой эле окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 7-8-класстар үчүн Кыргыз тили, 7-класстар үчүн Русский язык китептери чыккан.
Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 миллион сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 миллион сом кошумча бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.