super.kg logo
  Саясат  

"Биз коңгуроо кагышыбыз керек". Депутат 2025-жылды "Түтүн менен күрөшүү жылы" деп атоону сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Бишкектеги түтүндөн улам коңгуроо кагууга чакырды.

"Лондондо 1952-жылы 13 миң адам түтүндөн каза болгон. Мен түн ичинде командировкадан кайтып келдим, дем алууга мүмкүн эмес, түтүн. Сиз мамлекеттик органдарды жана массалык маалымат каражаттарын "Дени сак калк керек. Жардам бергиле" деп жардамга чакырыңыз. Мен ӨКМ, Экология министрлиги менен бирдикте иш жүргүзүп жатканыңызды уккан жокмун", - деди Талиева.

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев бул багыттагы иштер мамлекеттик чоң программанын негизинде жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Коңгуроо кагышыбыз керек! 2025-жылды "Экология жана түтүн менен күрөшүү жылы" деп атаса болот. Эгер жарандардын ден соолугуна кайдыгер карабасаңар күрөштү баштагыла! Эч нерсе кылбасак, улгайган жарандарыбыз ооруп калат. Кытайда 2012-жылы көп профилактикалык иштер болгон. 2013-жылы да түтүн болгон, бирок азыр карагыла, он жылдын ичинде аны жеңе алышты, түтүн жок", - деп кошумчалады Талиева.






Жогорку Кеңеш 27.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: