super.kg logo

Ысык-Көл облусунда турак жайын камсыздандырган 4 үй-бүлөгө 500 миңден жардам берилди

 

Бүгүн, 27-ноябрда Ысык-Көл облусунда авариялык абалдагы үйлөрдү калыбына келтирүү максатында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан төрт үй-бүлөгө каражат берилди. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, төлөмдөр турак үйүн камсыздандырган жарандарга жардам иретинде бөлүндү. Жалпы төрт үй-бүлө 500 миң сомдон камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты.

Белгиленгендей, буга чейин мамлекеттик уюм Ысык-Көл облусунда турак жайлары селден жабыркаган 11 үй-бүлөгө каражат берген. Жалпы 24 үй-бүлө жаратылыш кырсыгынан жабыркагандыгы маалыматта кошумчаланган.

Иш-чарага МКУнун төрагасы Эльдияр Калдарбеков баштаган жетекчилер, Ысык-Көл районунун акими Жапар Ормонов жана жабыркаган үй-бүлөлөр катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: