super.kg logo

Ысык-Көлдө эки баланы куткарып калган милиция кызматкери “Каармандык” медалы менен сыйланды 

 

Бүгүн, 27-ноябрда Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Боронов Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкери Бакытбек Максүтовду Ички иштер министрлигинин “Каармандык” медалы менен сыйлады. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалымдалгандай, бул сыйлык милициянын майоруна 17-ноябрда болгон кырсыкта эки жашы жете элек баланы өрттөн куткарып, эрдик жана ыкчамдык көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.

Эске салсак, кырсык 17-ноябрда саат 11:30 чамасында Бостери айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирден чыккан өрт жалынга айланган. Милициянын майору Бакытбек Максүтов тажрыйбалуу офицер катары кырдаалды тез баалап, эч ойлонбостон жардам сураган балдардын үнүнө карай чуркаган.

Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ал кара түтүн жана жалын каптаган батирден 4 жана 9 жаштагы эки баланы чыгарып, аларды коопсуз жайга алып чыккан. Тез арада өрт өчүрүү кызматын чакырып, кырсыктын андан ары жайылышына бөгөт коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: