super.kg logo
  Саясат  

Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалар элге кандай пайда алып келип жатканын айтып берди

 

Бүгүн, 27-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышев мамлекет тарабынан ачылган "Эл Аман" дарыканаларындагы дарынын баалары жеке менчик дарыканалардыкынан кымбат болгон учурлар болуп жатканын айтты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муну мамлекеттик дарыканаларда дары арзан болгондуктан жеке менчик дарыканалар бааны андан дагы ылдый түшүрүүгө аргасыз болгондугу менен түшүндүрдү.

"Базарда атаандаштык болгондуктан өтпөй калган товарын арзандатат. Биз ачканда 20-30 пайызга арзан болчу. Анан жанында турган менчик дарыканалардын товарлары өтпөй, алар дарынын баасын ылдыйлатты. Бул элге абдан жакшы болду. Эгер биз атаандаштыкты дагы да күчөтсөк элге керектүү дарылардын бардыгы бир баага түшөт", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: