super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан 2 Airbus учагын сатып алат

 

Кыргызстан 2 Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, учактар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат.

Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстандын “Airbus” менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгына токтолду.

"Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List - Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын айтты. Бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары эксплуатация ийгиликтүү аяктаса экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: