super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Берлинден түз эле Астанага барды. Аны кантип тосуп алышты? (видео)

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Кечээ, 27-ноябрда Садыр Жапаровдун Германияга болгон сапары аяктаган. Президенттин учагы Берлинден Астанага учуп келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: