super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ормонов кесиптеши Султанбекова Дүйнөлүк күрөш уюмуна мүчө болгонун айтты

 

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов кесиптеши Чолпон Султанбекова Дүйнөлүк күрөш уюмуна өлкө атынан мүчө болуп шайланганын билдирди.

Анын айтымында, "Ишеним" партиясынын мүчөсү 27-октябрда Албаниянын Тирана шаарында өткөн ДКУ бюросунун мүчөлөрүн шайлоодо шайланган.

"Бул Кыргызстан үчүн тарыхый окуя болду. Биринчи жолу өлкөнүн өкүлү дүйнөдөгү эң маанилүү спорт уюмунун бюросуна мүчө болуп кирди. Бул аталган уюмдун бюросуна дүйнөнүн эң алдынкы, саналуу гана өлкөлөрдүн өкүлү мүчө болуп кирет. Чолпон Алыевнанын талапкерлигин Кыргызстандын Күрөш федерациясы көрсөткөн. Алыевна керектүү добушка ээ болуп, 124 мамлекеттин ичинен Дүйнөлүк күрөш уюмунун мүчөсү болуп тандалды. Эми мындан ары Кыргызстандын таасири Дүйнөлүк күрөш уюмунда күчөйт", - деди Ормонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: