super.kg logo

Украина Курскта каза болгон аскерлеринин сөөгүн алып кетпей турган болду 

 

Украинанын аскердик жетекчилиги Курск облусунда курман болгон украин аскерлеринин сөөгүн алып кетпейт жана көмбөйт. Бул тууралуу орус аскерлерине туткунга түшүп калган украиналык командир Василий Машико РИА Новостиге билдирген.

"Биздин аскерлердин сөөгүн (Курск облусунда каза болгондорду) алып кетишкен жок. Жансыз денелерден укмуштуудай жагымсыз жыт чыгып жатат, биз аларды тазалашыбыз керек, же көмүшүбүз керек. Анткен абал өтө оор, муну түшүнгүлө", - деген ал.

Машико ноябрь айынын башында Курск облусунда орус аскерлери тарабынан туткунга алынган.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү 6-август күнү эртең менен Курск облусуна басып кирүүгө аракет кылган, бирок алардын чабуулу токтотулган. Орусиянын Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, бул аймактагы салгылашууларда Украинанын куралдуу күчтөрү 34 миңден ашуун жоокерин жоготкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: