super.kg logo

Ат-Башыда терминалдан 700 миңден ашык сом уурдоого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

 

Ат-Башы районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 25-октябрдан 3-ноябрга чейинки аралыкта Ат-Башы айылындагы Талантбек соода борборунун ичинен өзүнө тааныдык болгон терминалдан 702 миң 600 сом жоголуп кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-берениси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда сот жообуна тартылган, Нарын районунун 30 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүү кылган кылмышын толугу менен моюнуна алган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: