super.kg logo
  Саясат  

"Унааларын токтотуп эле кетип жатышат". Жогорку Кеңеште Бишкектеги газ маселеси көтөрүлдү 

 

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев өлкөдө газга болгон тартыштык жаралганын айтып, өкмөттөн маселени чечүүнү талап кылды.

Ал газ толтуруучу жайларда көгүлтүр от менен жүргөн унаалардын узун кезеги жаралып жатканын белгиледи.

"Экологияны сактайбыз деп унаалардын көбүн газга өткөрдүк эле. Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча эч жерде газ жок. Ошондуктан нефтетрейдерлер менен чогуу иш алып барып, бир тартипке салсак. Анткени 10 миңдеген унаалар газ менен жүрөт. Ошол эле убакта январь айынан тартып газдын баасы 7 сомго кымбаттаптыр. Баасы кымбаттаган күндө дагы газ жок болуп жатат. Көптөр унаасын май куюучу жайларга, көчөлөргө токтотуп коюп кетип жатышат", - деди Калпаев.






Бишкектеги газ маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: