Өзбекстанда аялдар арасында онкологиялык оорулар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программа бекитилди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аялдар арасында онкологиялык оорулар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны бекитти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, программа саламаттык сактоо тармагында дээрлик бир жылга созулган талкуудан кийин улуттук жана эл аралык эксперттер тобу тарабынан кабыл алынган.
“Бул документ эл аралык клиникалык практикага негизделген. 30 жаштан баштап аялдар ар 10 жылда адамдын папилломавирусуна, ал эми 45 жаштан 65 жашка чейинкилер 2 жылда бир маммографиядан өтүшү керек. Ар бир аял электрондук реестрге киргизилип, системада кандайдыр бир кооптуу өзгөрүүлөр аныкталса, “кетпейт” деген белги алат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.