super.kg logo
  Саясат  

Жумгалда жоголгон ата-бала: Депутат баласын издөө иштерин жандандыруу керектигин айтты

 

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Нарын облусунун Жумгал районунда жоголгон баланы издөө иштерин жандантуу керектигин айтты.

Ал атасынын жансыз денеси табылганын эске салып, эми күн жылуу учурда баланы издөө иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

"Мына социалдык тармактарда дагы баланын энеси, туугандары кайрылып жатканын көрүп жатабыз. Ошон үчүн ӨКМге тапшырма берип, издөөнү күчөтсөк. Азыр күн жылуу дагы болуп, издөө иштерине ыңгайлуу болуп турат", - деди Сарыбашов.

Эске салсак, 6-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.

14-ноябрда ИИМ Көкөмерен суусунун боюнан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: