super.kg logo

Дагы бир өлкө Нетаньяхуну Гаагадагы соттун ордери боюнча камакка алуудан баш тартты

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Эл аралык кылмыш сотунун буйругуна карабастан, Франциянын аймагына келсе кармалбайт. Мындай билдирүүнү кечээ, 27-ноябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги таратты.

Француз министрлиги Рим статуту боюнча өз милдеттенмелерин аткарарын, бирок Нетаньяху жана башка министрлер кол тийбестикке ээ экендигин билдирген. Эгерде сот аны камакка алуу жана экстрадициялоо өтүнүчү менен кайрылса, бул эске алынат.

Франциянын ТИМи израилдик саясатчы Рим статутун ратификациялабаган мамлекет башчысы катары кол тийбестикке ээ экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 21-ноябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, мурдагы коргоо министри Йоав Галант жана башкаларды камакка алууга ордер берди. Сот Израилдин жетекчилигин Палестина аймактарында согуш кылмыштарын жасаган, анын ичинде ачарчылыкты курал катары колдонгон деп айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: