super.kg logo

Ноокаттагы милициялар чыры: Майор Абдисатар уулу жемкорлукка шектелип кармалды

 

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы, милициянын майору Тимур Абдисатар уулу 20-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 27-ноябрда кабыл алган. Абдисатар уулун камакка алуу өтүнүчүн ИИМдин Тергөө кызматынын төргөөчүсү келтирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен айыпталууда.

Белгилей кетсек, Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиев боюнча билдирүү таратып, ал кол астындагыларга басым кылып келе жаткандыгын айткан. Аны башка милиция кызматкерлери дагы колдоп, ИИМдин жетекчилигине кайрылышкан. Кийин Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулса, Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган.

20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда ага окшош адам жарандык кийимчен кишиден акча алып жатканы тартылган. Мындан улам ИИМ Абдисатар уулуна издөө жарыялаган. Ал 26-ноябрда ИИМге өзү барып, издөөгө алынганын билбей жүргөнүн айтып видео кайрылуу жасаган. Ошол эле күнү кечинде кармалгандан кийин кыйноого кабылганын айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: