super.kg logo

Астанада Путиндин сапары маалында көчө экранында Украинанын желеги пайда болду (видео)

 

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 27-ноябрда Астана шаарына барган маалда көчө экранында Орусиянын желегинин ордуна Украинанын желеги пайда болду. Бул тууралуу казак телеграм каналдары жазышты.

Окуя кечээ, 27-ноябрь күнү кечинде болгон. Анда Путин келген маалда шаардагы "Астана Опера" театрынын жанына орнотулган LED экранга Украинанын желеги чыккан. Экран көп өтпөй эле өчүрүлгөн.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жарнамалык экран «Керуен Медиа» ЖЧКсына таандык. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

Ал арада Казакстандын Мамлекеттик техникалык кызматы Астанадагы LED экран хакердик чабуулдун натыйжасында бузулганын жарыялады.






Путиндин сапары маалында Астанада Украинанын желеги пайда болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: