super.kg logo
  Саясат  

"Даттануулар өтө көп". Депутат Бекешев тыгын көйгөйү чечилбей жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги жол тыгын көйгөйү чечилди деген маалымат чындыкка дал келбестигин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовдун жасаган баяндамасынан кийин билдирди. Абытов окуу жайлардагы окуу графигинин өзгөрүшү жол тыгынын азайтууда жакшы натыйжа бергенин белгилеген.

"Келиңиз, кагазга таянбай, чыныгы жашоону көрөлүчү. Кечинде, азыр кыш да келди, капкараңгыда кантип студенттер үйгө барышат? Көпчүлүгү шаардан алыс, Чүй облусунун аймагына барышат. Анысы аз келгенсип, автобекетти көчүрдүңөр. Же жаңы автобекет жок. Студенттер 2-3 автобусту которуп жүрүп, тыгында үйлөрүнө барышат. Өтө көп киши кыйналып жатат. Мүмкүн, статистика жакшы нерсени көрсөтүп жаткандыр, бирок чыныгы жашоодо такыр башка. Даттануулар өтө көп", - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: