super.kg logo

Бишкектеги дагы бир көчөгө асфальт төшөлө баштады (фото)

 

Бишкек шаарындагы Республика көчөсүнө асфальт төшөө уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Республика көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизилген. Шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн аталган көчөнү капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

"Жолчулар Жибек Жолу проспектисинен Берёзовая көчөсүнө чейинки жерди асфальтташты. Учурда Берёзовая көчөсүнөн баштап аллеяга чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин адистер ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуп, жолдун негизин даярдашкан", - деп билдиришти мэриядан.

2025-жылда аба ырайы туруктуу болгон учурдан тартып Республика көчөсүнүн капиталдык ремонту аллеядан ЧЧКга чейин улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: