super.kg logo

Байдендин администрациясы Украинага дагы 725 миллион долларлык курал бөлөт

 

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украина үчүн дагы 725 миллион долларлык танкка каршы куралдарды даярдап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Байдендин администрациясына шилтеме берип жазып чыкты.

Жаңы пакетте миналар, дрондор, Стрингер ракеталары жана HIMARS ракеталык системалары үчүн ок-дарылар бар. Украинага бөлүнүп берүүчү куралдар АКШнын кампаларынан бөлүнөт.

Байдендин администрациясы 2025-жылдын январында АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясына чейин Украинанын позициясын бекемдөө үчүн бардыгын жасоого ниеттенип жатканын бир нече жолу баса белгилеген. Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Кошмо Штаттары Украинага 2025-жылы согуштук аракеттерди улантуу же “күч позициясынан” сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон нерселердин баарын камсыздай турганын айткан. Буга чейин Трамп Украинадагы согушту “24 сааттын ичинде” бүтүрүүнү убада кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: