super.kg logo

Бишкектеги эки айылда окуучулар үчүн акысыз автобустар иштеп баштады

 

Бишкектеги Новопавловка жана Орок айылдарында акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 28-ноябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.

"Дача-СУ, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейинде 3-7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.

Ленин муниципалдык администрациясы менен "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Дача-СУ, Учкун жана Учкун-2 аймактарында окуучуларды эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: