super.kg logo

Абхазиядагы митинг: Жаңы президентти шайлоо убактысы белгилүү болду

 

Абхазия парламентинин депутаттары республиканын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо боюнча резолюция кабыл алышты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, шайлоо 2025-жылдын 15-февралына дайындалды. Ага чейин президенттин милдетин өлкөнүн вице-президенти Бадра Гунба аткара тургандыгы айтылган.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган. Митингчилер президенттин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, өлкө башчысын кызматтан кетишин талап кылышкан. Кызматын тапшырган соң Абхазиянын кызматтан кеткен президенти Аслан Бжания республикадан чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: