Ысык-Көлдө суунун деңгээли бир кылымда 3,5 метрге азайды



Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жылдын ичинде 3,5 метрге азайды. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынын директору Нуртемир Мурзабеков билдирди.
Ал суунун деңгээлинин түшүү себебин адистер мөңгүлөрдүн азайышы жана көлгө куйган дарыялардын кыскарышы менен түшүндүргөндүгүн айтты.
"Орто эсеп менен жыл сайын көлдүн жээги үч жарым сантиметрге тартылууда. Көлдүн деңгээли 1926-жылдан тарта текшерилип келет. Айрым жылдары көтөрүлгөн учурлар да болгон. Бирок көбүнчө суунун деңгээли төмөндөп жатат", - деди Мурзабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.