super.kg logo

Ташиев: "Билбей калат деп пара албагыла. Баарыңар камаласыңар!" (видео)

 

Бир ишти аткарып жатканда өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңарды көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгын жылдырып койсоңор баары билинип калат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.

Анын айтымында, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, пара алгандар камалат.

"Ким өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп иш кылса, ал бүгүн билинбесе да күндөрдүн бир күнүндө билинет. Таза иштегиле! Таза иштебегендерди билемин. Баарын чукуп чыгамын айтып коеюн. Кимдир бирөөңөр мен берген тапшырмалардын негизинде пара алам десеңер, же алып койгон болсоңор анда жоопко тартыласыңар! Ачык айтайын урматтуу кызматкерлер, эгерде мыйзам бузсаңар сөзсүз жоопко тартыласыңар. Камаласыңар. Ар дайым силерди жоопко тартканда менин жүрөгүм ооруйт. Бирок, ага карабастан жоопко тартышым керек. Бирөөңдү, экөөңдү аяп койсом анда бизде тартип сакталбай калат. Башаламан болуп кетет. Бүгүн жасадым билбей калды дебегиле айтып коеюн. Жасаган кылмышыңар бир ай, алты ай, бир жылдын ичинде билинет", - деп кайрылды Ташиев УКМК кызматкерлерине.






Ташиев: "Билбей калат деп пара албагыла. Баарыңар камаласыңар!"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: