super.kg logo

Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун чатагы тууралуу билдирүү жасады

 

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, жеңилбес орусиялык Хабиб Нурмагомедов элдешкис атаандашы болгон ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго соттук иштери үчүн каражат чогултуу идеясын колдоду.

Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына: "Азаматсыздар, мен силерди толук колдойм, бул бала жазага татыктуу", - деп жазды.

Эскерте кетсек, Макгрегор сексуалдык зомбулук боюнча күнөөлүү деп табылган. Азыр мушкер жабырлануучуга 250 миң евро өлчөмүндө компенсация төлөшү керек. Макгрегор жабырлануучу менен жыныстык катнашта болгонун тастыктады, бирок баары өз ара макулдук менен болгонун айтты.

Ирландиянын Жогорку соту Макгрегорду күнөөлүү деп тапкандан кийин дароо эле каражат чогултуу сайты түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: