super.kg logo

Владимир Путин күтүүсүздөн ЖККУ жаңжалда эмне үчүн Арменияны колдобогонун түшүндүрдү

 

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 28-ноябрда өткөн маалымат жыйынында Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Тоолуу Карабахтагы жаңжалда эмне үчүн Армения тарапта болбогонун айтты.

Путин өз сөзүндө Ереванга формалдуу түрдө тышкы агрессия болбогонун, мындан улам ЖККУ бул ишке аралашпаганын билдирди.

"Анткени Армения Карабахты эгемендүү мамлекет катары тааныган жок. Менимче, Армения менен ЖККУнун ортосундагы азыркы кырдаал бул өлкөдөгү ички саясий кырдаалы жана, албетте, Карабахтагы кризистин кесепеттери менен шартталган", - деди Путин.

Ошондой эле ал ЖККУнун жыйынына армян делегациясынын келбей койгонуна токтолду.

"Армения уюмдан чыкканын азырынча жарыялай элек, бирок тыныгуу алып жатканын жана бүгүнкү жыйында кабыл алынган бардык документтерди колдой турганын билдирди. Эгер ушундай болсо, демек, Армениянын ЖККУнун алкагында толук кандуу ишке кайтып келүү мүмкүнчүлүгү бар", - деди ал.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал учурунда ЖККУ жардам көрсөтпөгөнүн айтып, уюмду бир нече жолу сынга алган. Февраль айында ал өлкөнүн уюмга катышуусу убактылуу токтотулганын, анткени уюм Ереванга карата өз функцияларын аткарбаганын жарыялаган.

Кийинчерээк армян тарап ЖККУну каржылоого катышууну токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: