Бишкекте айым-режиссёрлордун эл аралык кинофоруму өттү





Бишкекте кинорежиссёр, документалист Клара Юсупжановага арналган Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул жөнүндө Маданият министрлигинин маалыматында айтылат.
Иш-чара Ч.Айтматов атындагы республикалык Кино үйүндө өтүп, ага маданият министри Алтынбек Максутов катышты.
Форумда Юсупжанованын бейнеси жана чыгармачылыгына арналган Тыныстан Темиржандын “Клара” аттуу тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле тасманын чыгармачыл тобу жана режиссёр менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алды. Мындан тышкары Юсупжанова башкы ролдо ойногон “Түштүк кызы” тасмасы көрсөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.