super.kg logo

Ысык-Көлдө Улуттук суу форуму өтүүдө

 

Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көлдө климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган Улуттук суу форуму өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, форум аталган министрликтин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган.

Иш-чаранын ачылышына Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев катышты. Мындан тышкары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын мүчөлөрү, БУУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Франция, Нидерланды, Сербия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери дагы катышты.

"Форум тажрыйба алмашуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көлдү коргоо жаатында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду. Дүйнөдөгү эң ири жана эң кооз бийик тоолуу көлдөрдүн бири катары Ысык-Көл маанилүү экологиялык объект гана эмес, жергиликтүү калк менен өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү ресурс болуп эсептелет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: