Стамбулдун мэри Имамоглу иш сапар менен Бишкекке келери айтылды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу 27-ноябрда орун алган.
Анда Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
"Элчи Казакбаев Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигеновдун шаарга иш сапары менен келүү боюнча расмий чакыруу катын тапшырды. Өз кезегинде Имамоглу чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларына келүү ниетин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, иш сапар экономикалык жана маданий ири иш-чаралар менен коштолору пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.