super.kg logo
  Саясат  

"Эч ким үйсүз калбайт". Ташиев УКМКнын ар бир кызматкерине убада берди

 

2025-жылдын күз айына чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар бир кызматкери турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ал өлкөнүн бардык аймактарында УКМКнын жаңы имараттары салынып жатканын, бул өз кезегинде кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүп берерин белгиледи.

"Айлыктар көтөрүлдү. Көпчүлүк кызматкерлер мамлекет тарабынан үй менен камсыз болду. Калгандары жакын арады үйлүү болот. Эмдиги жылы күз айына чейин бардык кызматкерлер 100 пайыз үй менен камсыз болот. Эч ким үйсүз калбайт", - деди Ташиев.

УКМК жетекчиси мамлекет аларга кам көрүп жатканын айтып, андыктан кызматкерлерди адилеттүү, так иш алып барууга чакырды.






"Эч ким үйсүз калбайт". Ташиев УКМКнын ар бир кызматкерине убада берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: