super.kg logo

Бишкекте 65 жаштагы жаран бир адамды сүзүп, аны ооруканага алып бара жатып өзү каза болду

 

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу каза болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы таратты.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык кечээ, 28-ноябрь күнү түштө болгон. Анда 65 жаштагы жаран Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын Элебесов көчөсү менен түндүктү көздөй айдап бара жатып Февраль көчөсү менен кесилишкен жерден жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1978-жылы туулган А. Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Алган жаракаттарынын кесепетинен 1978-жылы туулган А.Н. медициналык мекемеге жаткырылган. Ал эми айдоочу жабырлануучуну алып бара жаткан "Тез жардам" унаасын өзүнүн унаасы менен коштоп бара жатып, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде күтүүсүздөн каза болгон.

Аталган фактылардын баары Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: