Камыбек Ташиев Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевге тапшырма койду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге борбор калаада унаа токтотуучу жайы жок турак жайларды, кеңселерди, соода борборлорду курдурбоону тапшырды. Ал мэрге мындай тапшырманы кечээ, 28-ноябрда УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылышында берди.
"Бардык жерде унаа токтотуучу жай болушу керек. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө тыгын аз. Себеби ар бир үйдүн астында унаа токтотуучу жайлар бар. Бизде жок да", - деди Ташиев.
Өз кезегинде Жунушалиев жакында эле унаа токтотуучу жайды бутик кылып алган жайдын ээсине эскертүү бергенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.