super.kg logo

Трамптын болочок кеңешчиси анын Украинадагы согушту токтотуу планынын маңызын айтып берди

 

Себастьян Горка

АКШнын жаңы шайланган президентинин тарапташы Себастьян Горка Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга багытталган стратегияны белгиледи. Бул тууралуу ал Times радиосундагы эфирде айтканын чет элдик басылмалар жазды.

Анын айтымында, америкалык пландын негизги максаты – президент Владимир Путинге андан чыгуу мүмкүн болбогон кырдаалды түзүү.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басарлыгына көрсөтүлүп жаткан Горка орус лидери тууралуу катуу сүйлөп, Трамп расмий түрдө кызматка киришкенден кийин орус президентине катаал ультиматум коёрун айтты.

"Сиз же азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз, же Украинага буга чейин келген бардык аскердик жардамдарыбыз өсүмдүк майы сыяктуу гана калат. Ал кан төгүүнү токтотууга мажбурлоо үчүн бул мырзага ушуну тартуулайт", - деген Горка.

Буга чейин Дональд Трамп президент болуп шайланса, жаңжалды тез арада токтоторун бир нече жолу билдирген. Ал конкреттүү деталдарды ачыктаган эмес, бирок мунаса табуу үчүн эки тарапка тең кысым көрсөтүүгө даяр экенин ачык айткан.

Талдоочулар мындай стратегиянын алкагында Трамп Киевге учурда Орусия көзөмөлдөгөн аймактарынын бир бөлүгүнөн баш тартууну сунуш кылышы мүмкүн деп болжолдошууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: