super.kg logo

Угандада адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгы катталды

 

Уганданын чыгышында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон жер көчкү бир нече айылда ондогон үйлөрдү басып калган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен 15 киши каза болуп, 100дөн ашуун жаран дайынсыз болууда.

Полиция жер көчкүнүн кесепетинен дайынсыз жоголгондорду издөөгө куткаруучу атайын техникалардын, "Тез жардам" кызматынын унаалары жерине барууга тоскоолдуктар жаралып жаткандыгын айткан.

Белгиленгендей, мындай жаратылыш кырсыгы 2010-жылы да болуп, анда 80 жарандын өмүрү кыйылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: