super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Азия Кубогу Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

 

Кыргыз футбол биримдиги 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия Кубогун кабыл алууну пландоодо. Тиешелүү арыз 4-декабрга чейин Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлөрүн футбол биримдиги кабарлады.

АФКнын акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпиондуктары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – 2026, 2027 жана 2028-жылдары өспүрүмдөр арасындагы жана кыздар арасындагы Азия Кубогун өткөрүүгө тийиш.

"Учурда Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы футбол объектилери мындай деңгээлдеги континенталдык турнирлерди ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз футбол биримдиги эл аралык турнирлерди уюштурууну жакшыртуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет", - деп билдиришти КФБдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: