super.kg logo

Рамзан Кадыров медаль менен сыйланды

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров “Федералдык сот аткаруучулар кызматын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” ведомстволук медалы менен сыйланды. Сыйлыкты ФСАКтын директору Дмитрий Аристов алып барганын Коммерсант басылмасы жазды.

"Дмитрий Аристов мага ведомстволук медаль тапшырды. Мен өз кезегинде ага эстелик сүрөт тартууладым", - деп жазды Кадыров Telegram каналында.

Ал жолугушууда жергиликтүү сот аткаруучулардын иши жана республиканын жергиликтүү тургундарынын атайын аскердик операцияга (СВО) катышуусу талкууланганын кошумчалады.

"Мен биздин башкармалык салык карыздарын жана консолидацияланган бюджетке жыйымдарды өндүрүү боюнча биринчилерден болуп жатканын белгиледим", - деди Рамзан Кадыров.

Ошондой эле ал Аристовдон башкармалыктын кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: