super.kg logo

ӨКМ аба ырайына байланыштуу өлкө аймагында таш кулоо болушу мүмкүн экенин эскертти

 

Өлкөдө аба ырайынын бузулушуна байланыштуу табигый кырсыктар катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрь жана 1-2-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.

Айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында.

Мындан сырткары унаа жолдорунун участкаларында:

Бишкек – Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658-чакырымдарында;

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138-чакырымдарында;

Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24- чакырымдарында;

Бишкек – Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125-чакырымдарында;

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133-чакырымдарында;

Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымдарында;

Балыкчы – Ананьево - Каракол унаа жолунун 174-чакырымында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн.

Андыктан ӨКМ айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: