super.kg logo

Евробиримдик Грузиядагы шайлоону тааныган жок

 

Европарламент Грузияда 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Документте добуш берүү эл аралык стандарттарга жана өлкөнүн ЕККУнун катышуучусу катары милдеттенмелерине туура келбегени белгиленген. Европарламент добуштарды бурмалоо боюнча айыптоолор боюнча көз карандысыз жана ачык иликтөө жүргүзүү идеясын колдоду. Шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар Евробиримдикке талапкер мамлекеттен күткөн стандарттарга туура келбейт деп аталды.

Резолюция ошондой эле Евробиримдикти грузин парламентинин жетекчилигине жана демократияга каршы аракеттер үчүн жооптуу деп эсептелген бийликтеги "Грузин кыялы" партиясына каршы санкцияларды киргизүү маселесин карап чыгууга чакырат. Документте Еврокомиссия менен Евробиримдиктин Кеңешине Грузиянын жарандары үчүн визасыз режимди өлкө демократиялык башкаруу стандарттарына туура келбесе, кайра карап чыгуу сунушталат.

Ал арада грузин парламенти Ираклий Кобахидзе жетектеген жаңы өкмөттү бекитти. Өз сөзүндө жаңы премьер-министр Евробиримдик жана АКШ менен мамилени жакшыртууну убада кылып, ошол эле учурда Орусияга карата “прагматикалык саясатты” улантат деп билдирди.

Төрт партиянын өкүлдөрү болгон оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, парламент жыйындарына бойкот жарыялоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: