super.kg logo
  Саясат  

Шакиев Беларустун элчисине Кыргызстан өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты

 

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, төрага алгач Молуновду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. Жолугушууда алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынып, Шакиев эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелерге токтолду.

"Кыргызстан калыптанган алакаларды арттырып, айрыкча өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди ал.

Өз кезегинде Молунов жылуу кабыл алганы үчүн Шакиевге ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында айтылган сунуш-пикирлер боюнча жигердүү иш алып барарын убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: