super.kg logo

Мамлекеттик ипотекалык ишканасы Москванын ВДНХ аймагына бөлүмүн ачты

 

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы өз өкүлчүлүгүн ачты. Бул туурасында бүгүн, 29-ноябрда аталган мекеменин маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, ВДНХ аймагындагы Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү кыргызстандыктарды кабыл алып кеп-кеңеш берип, иштеп баштады. Жарандарды кабыл алуу иш күндөрү саат 11:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ушул жылдын 15-апрелинде “Үлүштүк курулуш” механизми иштеп баштаган. Бул механизм чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамипотека алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун батир курулуп жатат", - деп кошумчалады Бекбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: