super.kg logo

Имамидин Ташовдун адвокаты Самат Матцаков кармалганы айтылды

 

Бишкекте адвокат Самат Матцаков кармалды. Бул тууралуу анын кесиптеши жергиликтүү басылмаларга кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-ноябрда эртең менен Матцаков УКМКга сурак берген. Ошондой эле анын батири атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынганы маалым болду.

Учурда кармоонун жана тинтүүнүн себептери боюнча УКМК маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Самат Матцаков адвокат катары журналисттерди, төкмө акын Аскат Жетигенди, "KG-Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду жана башка көптөгөн адамдарды коргоп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: