super.kg logo

ӨКМ Жумгалда жоголгон баланы издөө иши тууралуу маалымат берди

 

Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон 9 жаштагы баланы издөө иши пассивдүү фазада улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Издөө иштеринин активдүү фазасы токтогон. Азыр пассивдүү фазада (бир аптада 1 же 2 жолу) жүрүп жатат. Бул жуманын башында төрт куткаруучу издөө иштерине тартылган. Келерки аптада дагы чыгышат", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Өрнөк айылында жоголгон баланы издөө иштерин жандантуу керектигин айткан.

Эске салсак, 6-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.

14-ноябрда ИИМ Көкөмерен суусунун боюнан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: