super.kg logo

Ошто 42 жаштагы Мээримгүл Бопоева изделип жатат

 
Ош шаарында 42 жаштагы Мээримгүл Бопоева дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан бүгүн, 29-ноябрда кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, милицияга 23-августта 57 жаштагы шаар тургуну кайрылып, сиңдиси Мээримгүл Бопоева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай дене түзүлүштө, ак жуумал, чачтарын ак баскан, башка өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү узун көйнөк, бутунда жайкы кызыл түстөгү бут кийим.
Милиция Мээримгүл Бопоева тууралуу маалыматы бар жарандарды (03222) 6-27-57, 0559-99-90-72 номерлерине байланышып коюуну суранат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: