super.kg logo

Борбор калаадагы базарлар иретке келтирилүүдө 

 

Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" жана "Аламүдүн" базарлары иретке келтирүлүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрдин орун басарлары Азамат Кадыров менен Рамиз Алиев, шаардык кызматтардын кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, ӨКМдин кызматкерлери жогорудагы базарларды текшерүүгө алышкан.

Анда "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларында өрт коопсуздугунун сакталышы текшерилип, өрт өчүрүүчү техникалардын өтүүсүнө уруксатсыз иштеп жаткан объектилер, туура эмес токтотулган унаалар тоскоолдук жараткан.

"Аламүдүн" базарынын аймагына иретсиз токтоочу жайларга жана объектилерди уруксатсыз орнотууга көңүл бурулду. Автоунаалардын башаламан токтотулушу адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол эрежелерине каршы келет жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузууда. ЖККБ башаламан токтогон айдоочуларга айып пул салат.

Базардын ээсине муниципалитет тарабынан ижарага алынган аймакты иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Мыйзам бузуу аныкталган учурда Бишкек шаарынын мэриясы базардын аймагында тартипти орнотуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт", - деп билдирди мэрия.

Ошону менен катар тамак-аш даярдоодогу санитардык нормалар, 300 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды түзүү планы талкууланган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: