super.kg logo
  Саясат  

Депутат салык тууралуу: "Эмне үчүн ишкерлер нааразы? Себеби шарт жок!" (видео)

 

Депутат Жылдыз Садырбаева жарандар үчүн салык төлөө системасын автоматташтырууну талап кылууда. Бул тууралуу ал 29-ноябрда Айрым мыйзам актыларына салык тармагындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, парламент салыкты актоо жолун колдойт, бирок салык кызматынын маалымат тутумун чыңдоо зарыл.

"Салык төлөөчүлөрдүн көбү абийирдүү, алар салык төлөөгө даяр, бирок салык кызматы менен байланыштыра турган бир топ көйгөйлөр бар. Мисалы, IP даректер, алар иштелип чыккан эмес: ар бир ETTN өзүнчө жүктөп алуу керек. Бул абдан көп убакытты алат. Жеке кабинетти бир басканда гана ачылгыдай кылып жөнөкөйлөштүрүш керек. Эң алгач ар бир салык төлөөчүнүн ыңгайын түзүш керек да, анан талап кылгыла", - деди Садырбаева.

Депутат ошондой эле салыктын түшүүсүн азайтып жаткан контрабандалык товарлардын көп көлөмүн эске салды. Ал мамлекеттик органдардан бул маселеге көңүл бурууну өтүндү.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев санариптештирүү процесси бир ордунда турбай эле, өзгөрүүлөр болуп жатат деп жооп берди.






29.11.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: