Дүйнөдөгү эң кары адам 112 жаштагы бразилиялык Жуан Маринью Нету болду
Гиннесстин рекорддор китеби бразилиялык 112 жаштагы Жуан Маринью Нетуну планетанын эң кары адамы деп атады. Бул тууралуу билдирүү уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Жакынкы убакка чейин Жуан Бразилия менен Латын Американын эң кары тургуну деп эсептелчү. Бүгүнкү күндө ал 1912-жылы туулган жалгыз тирүү адам бойдон калууда.
Жуан Маринью Нету 1912-жылы 5-октябрда Сеара штатындагы Марангуапи шаарында фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Төрт жашында эле атасына фермада жардам бере баштаган: мал багып, мөмө-жемиш терген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.