super.kg logo

"Бир нече айдоочулар иштен алынды". Бишкек мэри коомдук транспорттун айдоочулары менен жыйын өткөрдү (видео)

 

Бишкек шаарынын мэри 24 автобустун айдоочусун бир нече жолу эреже бузгандыгы үчүн иштен алуу буйругун чыгарды. Ал эми транспорт бөлүмүнүн эки кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду.

Бүгүн, 29-ноябрда Транспорт департаментинде жыйын болуп, анда Айбек Жунушалиевге 10 ай ичинде автобустардын катышуусунда 329 жол кырсыгы катталганы айтылды. 169 учурда коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 160ы экинчи тарап күнөөлүү.

Жыйынтыгында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана мэриянын транспорт башкармалыгынын бешинчи колоннасынын жетекчилери кызматтан алынды.

Ошондой эле мэр директордун орун басарына жана бир катар башкармалыктын кызматкерлерине, бардык бригадирлерге, көзөмөл механиктерге, колонналардын слесарларына сөгүш жарыялады.

Ишкананын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин бири катуу сөгүш алды.






Бишкекте автобустун 24 айдоочусу иштен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: