super.kg logo

Бишкекте он айда автобустар катышкан 300дөн ашуун жол кырсыгы катталды

 

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында мэр Айбек Жунушалиев менен ишкананын кызматкерлеринин жолугушуусунда он айда автобустун катышуусунда 329 жол кырсыгы катталганы айтылды.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктуралык түзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев муниципалдык автобустардын катышуусундагы кырсыктар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн, 160 учур экинчи тараптын күнөөсүнөн улам болгон.

Белгилей кетсек, жыйында одоно жол эрежесин бузган 24 айдоочу иштен алынып, айрым бөлүм башчыларына сөгүш жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: