Махачкаладагы аэропорттун иши учкучсуз учактын чабуулу коркунучунан улам токтотулду
Махачкалада жергиликтүү аэропорттун иши убактылуу токтотулду. Мунун баары учкучсуз учактарынын чабуул коркунучунан улам болууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Кечээ, 29-ноябрда Дагестандын башчысы Сергей Меликов Каспийскидеги бир нече объектке учкучсуз учак кол салууга аракет кылганын билдирген. Дрон атып түшүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес. Бирок аэропорттун ишин дээрлик түшкө чейин токтотуу чечими кабыл алынды.
"Махачкала аэропортунун иши дрон коркунучунан улам Москва убактысы боюнча саат 11:30га чейин токтотулуп, "Килем" режими киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-03
21:07
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.